Сасык тумоого каршы күрөш: Ооруканаларда кошумча 200 орун даярдалды

Ден соолук Загрузка... 11 Декабрь 2025 16:43
bolnica.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун күчөшүнө байланыштуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жана Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда кошумча 200 орун даярдалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасы күчөтүлгөн режимде иштеп, кабыл алуу бөлүмүнө кошумча 10 педиатр тартылды. Учурда сасык тумоо менен кайрылган балдарга күнү-түнү жардам көрсөтүлүүдө.

Мындан тышкары, кайрылуулар көбөйгөн учурда жарандарды тез кабыл алуу үчүн оорукананын алдына бардык шарты бар эки мобилдик клиника орнотулду.

Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун өсүшүнө байланыштуу абалды өз көзү менен баалоо үчүн Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына күтүүсүз барып, оорунун күчөшүнө байланыштуу бир катар тапшырмаларды берген.