Сасык тумоонун күчөшү: Балдар ооруканасына кошумча 200 керебет коюлат

Ден соолук 2103 09 Декабрь 2025 09:11
0e29b9ea-be86-44aa-a003-83816912a227-WhatsApp Image 2025-12-08 at 18.32.48.jpeg
2a5038cc-bbd7-46b2-baab-9544afd490cf-WhatsApp Image 2025-12-08 at 18.32.48 (3).jpeg
6e93a7bf-0c70-42e1-bb0c-ce6d565aee6f-WhatsApp Image 2025-12-08 at 18.32.47.jpeg
3560ce0d-9f3b-408a-a73b-23a267923735-WhatsApp Image 2025-12-08 at 18.32.48 (1).jpeg
a7913594-c454-45a5-89e8-fc1e0129a3ef-WhatsApp Image 2025-12-08 at 18.32.48 (4).jpeg
ebac03b7-7d81-40e5-bd84-781ae0b81fa5-WhatsApp Image 2025-12-08 at 18.32.48 (2).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 09.12.25 /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Бишкек шаардык Медициналык тез жардам балдар ооруканасына барып, КРВИ жана сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу ашыкча жүктөм жана кезек күтүүлөр менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр бейтаптардын тыгыз топтолушу жугузуу коркунучун арттырарын белгилеп, стационарлардын жүгүн азайтуу жана жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында бир катар ыкчам тапшырмаларды берди:

  1. Ситуациялык борбор түзүлөт (сутка бою иштейт, ооруканалардын жүктөмүн көзөмөлдөйт).
  2. Башка ооруканалардын базасында кошумча 200 керебет убактылуу жайгаштырылат.
  3. Балдар ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүн күчөтүү үчүн баштапкы звенодон 10 педиатр жөнөтүлөт.
  4. Жеңил формадагы КРВИ менен ооругандарды ыкчам кабыл алуу үчүн оорукананын аймагына эки көчмө клиника орнотулат.

Министр бул чаралар сезондук оорулардын шартында балдардын сапаттуу медициналык жардам алышын камсыздоого багытталганын баса белгиледи.

Маалыматка ылайык, жылдын 49-жумасында (1–5 декабрь) КРВИ жана сасык тумоонун 42 561 жаңы учуру катталган, бул өткөн жумага салыштырмалуу 15,3 пайыз өсүш дегенди билдирет. Ооругандардын 72,1 пайызы — 14 жашка чейинки балдар.