Сасык тумоого каршы эмдөө жүрүүдө: Кимдер акысыз ала алат?

Ден соолук 8 октябрь 2026 22:50
Сасык тумоого каршы эмдөө жүрүүдө: Кимдер акысыз ала алат?

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Учурда республиканын бардык аймактарында сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө жүргүзүлүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген адамдарга: өнөкөт оорулары бар жарандарга, 65 жаштан жогорку курактагыларга, кош бойлуу аялдарга, тез-тез ооруп турган балдарга жана медицина кызматкерлерине эмдөө алуу сунушталат. Вакцинаны Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан акысыз алууга болот.

Ошондой эле каалоочулар Бишкек шаарындагы айрым менчик медициналык уюмдардан акы төлөнүүчү негизде да эмдөө ала алышат. Вакцинанын бир дозасынын баасы 850 сомдон башталат. Эмдөө төмөнкү мекемелерде жүргүзүлөт: ЦАДМиР, “Кроха”, “Малыш”, “Эдельвейс”, “Интермедикал”, “Авицена”, “Клиника 21”, “Чипенко”, “Комфорт Мед” жана №312 поликлиникасы.

Мындан тышкары, КРВИнин алгачкы белгилери байкалганда балдарга медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү максатында Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда атайын колл-борборлор уюштурулду.

Ата-энелер телефон аркылуу кайрылып, баштапкы консультациядан тартып ооруканага жаткырууга чейин аралыктан жардам ала алышат.