Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. 9-ноябрга карата республикадагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын 3,5 пайыздан 4,7 пайызга чейинкиси сабакка келбей жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сасык тумоонун жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) жайылышын алдын алуу максатында мектептерде жана бала бакчаларда балдардын катышуусуна үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүүдө.
"Учурда республикадагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу көзөмөлдө турат. Өлкөдө респиратордук инфекциялардын жайылышына жол бербөө үчүн бардык зарыл болгон алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чаралар улантылууда",-деп айтылат маалыматта.