Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. 5-ноябрдан 9-ноябрга чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун оториноларингология бөлүмүндө Катардын дарыгерлер тобу угуусу начар балдарга кайрымдуулук акциясынын алкагында операцияларды жасады.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 5-ноябрда келген адистер операцияга талапкер болгон 35 баланы медициналык кароодон өткөрүшкөн.
Ден соолугунун абалы жана зарыл диагностикалык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча алардын ичинен 28 балага операция жасоого уруксат берилген. Калган балдардан сасык тумоо, кулак сезгенүүсү (отит) жана алдын ала дарылоону талап кылган башка убактылуу медициналык каршы көрсөтмөлөр аныкталган.
"Операциялардын жыйынтыгында 28 балага кохлеардык имплант ийгиликтүү орнотулду. Мындан тышкары, дагы эки балага ата-энелеринин каражатынын эсебинен экинчи импланттан коюлду. Ошентип, кайрымдуулук миссиясынын алкагында жалпы 30 кохлеардык имплант орнотулду", — деп айтылат маалыматта.
Операциядан кийин балдар дарыгерлердин көзөмөлүндө болушкан. Хирургиялык кийлигишүү учурунда жана андан кийин олуттуу татаалдашуулар катталган эмес.
Белгилей кетсек, 2021-жылдан 2026-жылга чейин Кыргызстанда угуусу начар балдарга жалпысынан 286 кохлеардык имплант орнотулган.