Күз мезгилинин келиши менен сасык тумоо жана башка курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны жыл сайын кескин көбөйөт. Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу ноябрь айы жылуу болду. Анткен менен өлкөдө, айрыкча борбор калаада вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны көп болуп жатат.

Учурда медициналык мекемелерге көпчүлүгү дене табынын жогорулашы, жөтөл, баш оору жана алсыздык сыяктуу белгилер менен кайрылышууда. Ооруканаларда өзгөчө балдар бөлүмдөрүндө бейтаптардын саны басымдуу болуп жатканы айтылууда.

Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев “Кабар” маалымат агенттигине билдиргендей, учурда ооруканадагы ооругандардын саны дале көп болууда.
“Балдардын бир апта аралыктан окушу ооругандардын санынын бир аз азайышына алып келген. Бирок, акыркы күндөрү кайрадан алардын саны өсүүдө. Балдар аралыктан окуп жаткан учурда болжол менен 300гө жакын бала ооруканага жаткырылып жатса, азыр алардын саны 500дөн ашып кетти. Бир сутка ичинде 420 бейтап кайрылды, алардын ичинен 149у ооруканага жаткырылды. Эки бейтаптын абалы өтө оор болгондуктан, жандандыруу бөлүмүнө которулду. Учурда ооруканада жалпы 558 бейтап дарыланууда”,-деди ал.

Дарыгердин айтымында, бейтаптардын басымдуу бөлүгү өз алдынча дарыланып, ооруканага абдан оор абалда келип жатышат. Айрыкча балдар.
“Ата-энелерди өз алдынча ар түрдүү дары берүүдөн алыс болууга чакырам. Эгерде балада вирустун белгилери пайда болсо, сөзсүз түрдө үй-бүлөлүк дарыгерлер мекемесине кайрылуу керек. Ата-энелер көп учурда өз алдынча туура эмес дарыларды берип, вирусту айыктырам деп жатып, баланын башка органдарына терс таасирин тийгизип жатышат. Айрым учурларда таптакыр ылайыксыз дарылар колдонулуп, баланын абалы оорлошуп кетүүдө. Дарыны колдонууда аны белгиленген убакыт жана тартип менен берүү абзел. Мисалы, дене табы көтөрүлгөндө ата-энелер дароо бир дарыны берип, андан соң температура түшпөй жатат деп экинчи дарыны кошуп беришет. Бул туура эмес. Дарыны бергенден кийин күтүү керек. Ал дары таасирин дароо эле берип койбойт, бир нече саат керек”,-деп белгиледи дарыгер.

Муну менен катар дарыгер учурдагы вирус көбүнесе дене табынын жогорулашы, дем алуунун начарлашы, демдин кысылышы жана катуу чыйрыгуу менен коштолуп жатканын кошумчалады.
“Мындай белгилер пайда болгондо, дароо өзүңүздөрдүн үй-бүлөлүк дарыгерлер мекемелерине кайрылгыла. Ата-энелерден суранарым, убактылуу жабык оюн-зоок жайларына балдарды алып барбай туруңуздар. Анткени, мындай жайлар жабык мейкиндик болгондуктан, вирус бат жугат. Мындан тышкары, ал жерлерде балдарды көзөмөлдөп турган медициналык кызматкерлер жок. Ал эми мектептерде жана бала бакчаларда медициналык кызматкер бар, ар бир баланын саламаттыгы көзөмөлдө турат”,-деп белгиледи ал.

Бейтаптардын басымдуу бөлүгү жаш балдар болуп жатканына байланыштуу, “Балдарды бала бакчага же мектепке убактылуу жөнөтпөй турсак, оорулардын саны азаябы? Карантинге жабуу зарылчылыгы барбы?" деген сыяктуу суроолор жаралат.
Гүлжигит Аалиевдин айтымында, Жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу үчүн Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сунуштары негизинде, зарыл болсо мектептер аралыктан окутууга же убактылуу карантинге жабылышы мүмкүн.

Ал эми Жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу үчүн Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен борбор калаадагы учурдагы абал боюнча тиешелүү жооп ала алган жокпуз.

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, борбор калаадагы мектептерде үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүүдө.
“Эпидемиологиялык кырдаал тиешелүү кызматтардын өзгөчө көзөмөлүндө турат. Зарыл болгон учурда Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору атайын буйрук чыгарат, андан кийин балдар карантинге жөнөтүлөт.
Эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар күн сайын жүргүзүлүүдө. Учурда мектептерде ооругандардын саны көп, айрым класстар жабылыш мүмкүн. Бирок, мектептерди толук жабуу зарылчылыгы азырынча жок”,-деп айтылат маалыматта.