Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги физикалык активдүүлүктүн төмөн болушу – ден соолукка жашыруун коркунуч алып келерин эскертет.
Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдар убактысынын көбүн отуруп өткөрүшөт: жумушта, транспортто же үйдө. Кыймылдын жетишсиздиги акырындык менен ар кандай оорулардын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Анын ичинде:
- жүрөк-кан тамыр ооруларына;
- кан басымдын жогорулашына;
- ашыкча салмакка жана семирүүгө;
- 2-типтеги кант диабетине;
- муундар менен омуртканын абалынын начарлашына;
- ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүнө жана маанайдын бузулушуна.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына ылайык, чоң кишилер жумасына кеминде 150-300 мүнөт орточо физикалык активдүүлүккө же 75-150 мүнөт интенсивдүү физикалык активдүүлүккө убакыт бөлүшү керек.
Бүгүнтөн баштап эмне кылса болот?
- көбүрөк жөө басуу;
- лифттин ордуна тепкич колдонуу;
- ар 30-60 мүнөт сайын кыска көнүгүүлөрдү жасоо;
- спорт жана активдүү эс алуу менен алектенүү;
- таза абада көп убакыт өткөрүү.
Эсиңизде болсун физикалык активдүүлүктүн бир аз болсо да кошулушу ден соолукка чоң пайда алып келет.