Жайкы аптапта тамак-ашты кантип сактоо керек?

Ден соолук Загрузка... 08 Июнь 2026 14:10
2740602.0fd637ec953.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Жыл сайын 7-июнда Бүткүл дүйнөлүк тамак-аш коопсуздугу күнү белгиленет.

Буга байланыштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери жайдын ысык күндөрүндө ууланып калбоо үчүн тамакты кантип туура сактоо керектигин эскертет.

Күн ысыганда тамак-аш абдан тез бузулуп, ичеги-карын оорулары көбөйөт. Буга жол бербөө үчүн төмөнкү беш эрежеге кулак төшөңүз:

  • Колду жана ашкананы таза кармоо: Тамак жасаарда жана дааратканага баргандан кийин колду сөзсүз самындап жууш керек. Идиш-аяктарды, үстөлдү таза кармап, тамакка чымын-чиркейди жолотпоо зарыл.
  • Чийки менен бышканды аралаштырбоо: Чийки эт менен балыкты даяр тамактардан өзүнчө, алыс сактоо шарт. Чийки эт туураган бычак жана тактайча менен даяр тамакты же нанды туураганга таптакыр болбойт.
  • Тамакты жакшылап бышыруу: Тамакты чала бышырбай, жакшылап кайнатуу же кууруу керек (70°Cден жогору ысыганда зыяндуу микробдор өлөт). Ал эми кечээки тамакты жөн эле жылытпай, жакшылап кайнатып же толук ысытып жеш керек.
  • Муздаткычты туура колдонуу: Бышкан тамакты бөлмөдө же сыртта 1-2 сааттан ашык калтырбаңыз, дароо муздаткычка салыңыз. Ысык бойдон жечү тамак ысык (>60°C), ал эми муздак азыктар муздаткычта (<5°C) турушу керек. Эсиңизде болсун, жайдын күнү тамак-аш муздаткычтын ичинде да кадимкиден тез бузулат.
  • Сууну жана мөөнөтүн текшерүү: Ичүүгө таза сууну гана колдонуп, жашылча-жемиштерди абдан кылдат жууш керек. Дүкөндөн бир нерсе аларда сыртындагы жарактуулук мөөнөтүн карап алууну унутпаңыз.

Адистер билдиргендей, ушул жөнөкөй эрежелерди так сактоо сизди жана үй-бүлөңүздү жайкысын ооруканага жатып калуудан сактайт.