Сапаттуу дары-дармек: Кыргызстан менен Пакистан келишимге кол койду — Кабар

Сапаттуу дары-дармек: Кыргызстан менен Пакистан келишимге кол койду

Ден соолук 7 июль 2026 17:20
740259791_995315663390790_4181936926027679511_n.jpg
740601928_2787066734978047_1692869109302359902_n.jpg
740880749_1067769908910717_2617092945249669906_n.jpg
Алдыга
Артка
740259791_995315663390790_4181936926027679511_n.jpg
740601928_2787066734978047_1692869109302359902_n.jpg
740880749_1067769908910717_2617092945249669906_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Пакистан дары-дармек каражаттарын жөнгө салуу жаатындагы кызматташтыкты чыңдоодо. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Бүгүн Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Пакистандын Дары-дармек каражаттарын жөнгө салуу башкармалыгынын (DRAP) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке кол коюу Пакистан президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.

"Меморандум дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жөнгө салуу жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жөнгө салуучу маалымат жана тажрыйба алмашууга, фармакологиялык көзөмөлдү чыңдоого, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, биргелешкен окутуу иш-чараларын өткөрүүгө, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык медициналык продукциянын сапатын камсыз кылуу жана инспекциялоо багытында өз ара кызматташууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.