Санкциялык тобокелдиктен улам 50 компаниянын иши токтотулду

Экономика Загрузка... 18 Май 2026 18:00
minyust-800x534.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Юстиция министрлиги 50 компаниянын ишин токтотту.

Министрликтен билдиришкендей, биринчи жолу санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларга аралашкан 50 юридикалык жактын ишин бир убакта токтотуу жөнүндө буйрук чыгарылды.

Бул чара "Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниетсиз катышуучуларын жана санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларды аныктоо боюнча мекемелер аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө" жаңы Мекемелер аралык буйрукту ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды.

Компаниялардын тизмеси Экономика жана коммерция министрлиги жана санкциялык режимдин алкагында чектөөлөрдөн качуу фактылары боюнча маалыматты караган башка мамлекеттик органдар тарабынан берилген.