Санкциялык саясат: Мамлекеттик банктар 240тан ашык эсепти тейлөөнү токтотту

Экономика
WhatsApp Image 2026-10-21 at 16.55.25.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 16.06.03 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 16.06.03.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 16.06.04.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 16.06.04 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-21 at 16.55.25.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 16.06.03 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 16.06.03.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 16.06.04.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 16.06.04 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыков чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен жолугушту.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстандын санкциялык тобокелдиктерди азайтуу жана финансылык көзөмөлдү күчөтүү боюнча аткарган иштер тууралуу маалымат берилди.

Бакыт Сыдыков эл аралык санкцияларды айланып өтүү үчүн өлкөнүн финансылык системасын пайдаланууга жол берилбей турганын жана бул маселе өлкө жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында:

  • 52 юридикалык жак ишин токтотту;
  • 57 юридикалык жакка карата мажбурлап жоюу жол-жоболору башталды;
  • 25 юридикалык жак текшерилүүдө;
  • Мамлекеттик банктар 240тан ашык эсепти тейлөөнү токтотту.

Мындан тышкары, санкциялык системага баа берүү үчүн эл аралык Kroll консалтингдик компаниясы тартылууда.

“Биз сиздер менен үзгүлтүксүз жолугушуп турууну пландап жатабыз. Жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сиздерге маалымат берип турабыз”, — деди Бакыт Сыдыков.