Ислам өнүктүрүү банкы саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөтөт

Коом
865081365_1088104190702371_1307831840309903226_n.jpg
872142628_1779208913345947_4642543058545013972_n.jpg
865465298_1128998276346640_4455006835117483544_n.jpg
862402182_4730996967221113_877088450488872312_n.jpg
869801593_4606953832885125_6862028933045116114_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 27.10.26 /Кабар/. Бүгүн экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушуусу өттү.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

ИӨБдүн өкүлдөрү банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы жаңы демилгелер тууралуу маалымат беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Медербек Туманов саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт экенин баса белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоодо ИӨБ маанилүү роль ойнорун айтты.

Тараптар министрлик менен банктын жетекчилигинин ортосунда үзгүлтүксүз түз диалог жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз ара аракеттенүүнүн мындай форматы келип чыккан маселелерди ыкчам чечүүгө, мындан аркы иш-аракеттерди макулдашууга жана кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет.