Кыргызстан 2026–2030-жылдары Түрк инвестициялык фондун жетектеши мүмкүн

Экономика
Кыргызстан 2026–2030-жылдары Түрк инвестициялык фондун жетектеши мүмкүн
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Ташкент шаарында Түрк инвестициялык фондунун (ТИФ) Башкаруучулар кеңешинин үчүнчү жыйыны өттү.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, жыйында фонддун ишмердигинин негизги багыттары, стратегиялык артыкчылыктары жана андан аркы институционалдык өнүгүүсү талкууланды.

Кыргызстандын атынан жыйынга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков фонддун Башкаруучулар кеңешиндеги башкаруучу катары катышты.

Жыйындын күн тартибине фонддун ишмердиги, жетишилген натыйжалары жана өнүгүү келечеги, ошондой эле башкаруу жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү маселелери кирди.

ТИФтин президентинин жана башкы директорунун кызмат орундарын ротациялоо механизмин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Башкаруучулар кеңеши мүчө мамлекеттердин ортосунда жетекчилик кызмат орундарын ротациялоо графигин бекитти. Ага ылайык, Кыргызстан 2026–2030-жылдарга Түрк инвестициялык фондунун президенттик кызматына талапкер көрсөтөт.

Кыргызстандын Түрк инвестициялык фондунун ишмердигине катышуусу мүчө мамлекеттердин ортосундагы финансылык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле экономикалык өнүгүүгө жана аймактык өз ара байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзгөн долбоорлорду колдоого багытталган.

Түрк инвестициялык фонду — түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүүгө багытталган көп тараптуу финансылык институт.