Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Экономика министрлиги Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүү, аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана өлкөнүн инфраструктурасын жаңылоо багытында ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор менен бөлүштү.
Алар:
Энергетика
- Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу;
- Камбар-Ата-2 ГЭСнин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү;
- Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун экинчи жана үчүнчү фазалары;
- Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо;
- Кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү;
- Күн электр станцияларын куруу.
Темир жол жана автомобиль жолдору
- Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу;
- Суусамыр–Талас–Тараз автоунаа жолун реконструкциялоо;
- Ысык-Көл айланма унаа жолун реконструкциялоо;
- Барскоон–Каракол жолун жакшыртуу;
- БАРЭК 1 жана 3 коридорлорун өнүктүрүү;
- Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу.
Туризм жана аэропорттор
- "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа комплексин куруу;
- "Ош" эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзал комплексин куруу;
- "Жалал-Абад" жаңы эл аралык аэропортун куруу;
- "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзал комплексин куруу;
- "Манас" аэропортунда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай куруу.
Саламаттык сактоо
- Бишкек шаарында мамлекеттик балдардын медициналык тез жардам ооруканасын куруу;
- Талас шаарында перинаталдык борбор куруу;
- Ош шаарында перинаталдык борбор куруу;
- Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын куруу.
Бишкек шаарынын инфраструктурасы
- Фучик көчөсүндөгү көп функционалдуу шаарчаны куруу;
- Достук айылында жаңы Ош базарын куруу;
- Royal Central Park долбоору;
- "Оптима" турак жай комплексин куруу;
- Көп функционалдуу бизнес жана социалдык комплекстерди куруу;
- Саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо;
- 9-кичи райондо заманбап кичи базар куруу.
Өнөр жай жана логистика
- Химиялык завод куруу;
- Манас айылында логистикалык борбор куруу.