Сандан сапатка: Бир уйдан жылына 5000 литр сүт алуу пландалууда

Коом 27 март 2026 11:30
1.jpg
656794216_122207524010341273_5159248984436578379_n.jpg
654805253_122207523698341273_1115650309683215730_n.jpg
656167291_122207523518341273_6546855346777545530_n.jpg
657351590_122207523998341273_318880371548253469_n.jpg
657361766_122207523806341273_8987573975021862914_n.jpg
657910045_122207523800341273_8550357695987167219_n.jpg
658218426_122207524004341273_4416898666042616780_n.jpg
658226036_122207523524341273_6949321266657676138_n.jpg
659794459_122207523704341273_3770448648062155621_n.jpg
659864926_122207523686341273_7747685374121165624_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча кеңешме өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, кеңешменин жүрүшүндө мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү, асыл тукум мал чарбасын өркүндөтүү, ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл мал чарбасында сандык өсүштөн сапаттык өнүгүүгө өтүү зарылдыгына бурулду.

Баяндамачылар асыл тукум чарбаларды мамлекеттик колдоо, жасалма уруктандырууну жайылтуу, малдын генофондун сактоо, тоют базасын жакшыртуу жана адистерди даярдоо маселелерине токтолушту. Ошондой эле тармакта кооперацияны күчөтүү, чарбаларды ирилештирүү жана биргелешкен маалымат базасын түзүү зарылдыгы белгиленди.

Белгиленгендей, учурда республика боюнча 186 асыл тукум статусуна ээ чарба иш алып барууда. 2030-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттардын бири катары бир уйдан жылына 5000 литр сүт алуу максаты коюлду. Жыйындын алкагында катышуучулар өз суроолорун берип, сунуштарын билдиришти.