Санариптик өнүгүү министрлиги жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат

Коом 7 апрель 2025 18:00
Санариптик өнүгүү министрлиги жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат.

Ведомстводон маалымдашкандай, акыркы учурда өздөрүн мамлекеттик органдын кызматкери катары тааныштырып, жарандардан жеке маалыматтарды сураган учурлар көбөйдү.

Эсиңизде болсун:

  • мамлекеттик органдар өздөрү биринчи болуп чалбайт;
  • жеке маалыматты (СМС, мессенджер аркылуу) сурабайт!

Эмне кылуу керек?

  • логин, сыр сөз, карта номери сыяктуу маалыматтарды эч качан айтпаңыз;
  • шектүү чалуулар болсо — дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз

Өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоңуз, сак болуңуз!