Кыргызстандагы телефон шылуундары: схемалар, алдоолор жана ИИМ кеңештери

Коом Загрузка... 06 Октябрь 2025 09:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Кыргызстанда жыл сайын телефон аркылуу алдап, шылуундук кылган учурлардын саны өсүүдө. Алдамчылар жарандарга чалып, өздөрүн банк, милиция кызматкерлери же туугандары катары тааныштырып ар кандай жолдор менен акча өндүрүүдө.

Ички иштер министрлиги мындай кылмыштарды байма-бай каттап, жарандарды этият болууга чакырып келет.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2024-жылы жүздөгөн кылмыш иштери козголуп, жарандарга жүздөгөн миллион сом зыян келтирилген. Бирок, каражаттын бир бөлүгүн гана кайтарып алуу мүмкүн болгон.

i.width-800.jpg

Алдамчылар барган сайын заманбап технологияларды колдонуу менен телефон номерлерди улам алмаштырып, адамдардын эмоцияларына таасир этип, жеке маалыматтарды же акча алдап алуу аракетин көрүшүүдө.

Телефон аркылуу шылуундук кылгандардын схемалары

ИИМдин жана адистердин маалыматына ылайык, Кыргызстанда көбүнчө төмөнкүдөй сценарийлер колдонулат:

“Банктан” чалуу. “Шектүү операция” жөнүндө айтып, SMS код же “коопсуз эсепке” акча которууну талап кылышат. Алдамчылар номерди алмаштырып турушкандыктан, телефон экранында чынында банктын номери чыгып калышы мүмкүн.

“ИИМ кызматкери” же “тергөөчү” болуп чалуу. Жаранга кылмыш ишине аралашкансың деп айтып “терс натыйжаларынан кутулуу үчүн” акча талап кылышат.

“Тууганыңыз кырсыкка кабылды”. Жакыныңыз кырсыкка учурады же камакка алынды деп чалып, тез арада акча которууну талап кылышат.

“Сыйлыктар жана инвестициялар”. Утуштар же кирешелүү салымдар менен азгырышып, башында депозитке акча салууну сурашат.

Абактан чалуулар. ИИМ бир нече жолу билдиргендей, айрым соттолгондор мыйзамсыз телефон колдонуп, өздөрүн банк кызматкерлери катары көрсөтүп жарандарды алдашат.

ad9c6cd7aaf9dc4046d87be7a48ea7a4.width-800.jpg

Статистика

2024-жылы Кыргызстанда менчикке каршы 10 миңден ашуун кылмыш иши козголгон, анын жүздөгөн учуру телефондук алдамчылыкка байланыштуу болгон.

Жалпы зыян 900 млн сомдон ашып, анын жарымын гана кайтарып берүү мүмкүн болгон.

Бир эле айдын ичинде “эсепке коркунуч бар” же “тууганыңыз кырсыкка кабылды” деген алдоолорго ишенип, алдамчыларга акча которуп жиберген ондогон учурлар катталган.

tel_moshen.width-800.png

Милициянын кеңештери

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жарандар үчүн бир нече ирет төмөнкү эрежелерди жарыялаган:

  1. Картанын маалыматтарын эч кимге айтпаңыз. Банк да, мамлекеттик орган да эч качан PIN-код, CVV, логин, пароль, SMS-коддорду сурабайт.
  2. Өзүңүз кайра чалыңыз. Эгер “банктан” же “милициядан” чалса, телефонду коюп, кайра өзүңүз расмий номерге чалып тактаңыз.
  3. Шашпаңыз. Алдамчылар атайын шашылтып, жарандын ой жүгүртүүсүнө убакыт бербейт.
  4. Маалыматты текшериңиз. “Тууганыңыздын атынан чалышса” алгач ага түз өзүңүз байланышыңыз.
  5. Шектүү шилтемелерге кирип, бейтааныш адамдардын сунушу менен тиркемелерди көчүрүп албаңыз.
  6. ИИМге билдириңиз. Шектүү телефон чалуу болсо, милицияга кайрылып, банкка кабарлаңыз.
756748164886850_kmZXNp6.width-800.png

Реалдуу учурлар

2023-жылы Бишкекте бир аял “банктан” чалып жатабыз деген чалууга ишенип шылуундарга 200 миң сомдон ашык акчасын которгон. Ага анын картасынан “шектүү которуулар жүрүп жатат” деп SMS коддорун айтып берүүнү сурашкан. Жыйынтыгында акчаны алдамчылар өз эсебине которуп алышкан.

Нарын облусунда бир кишиге “тергөөчүмүн” деп чалган алдамчы уулу кырсыкка кабылганын айткан. Маселени чечүү үчүн 50 миң сом талап кылышкан. Дароо уулуна телефон чалып, маалыматтын туура эмес экенин аныктап, алдамчылар экени белгилүү болгон.

ИИМ бир нече жолу соттолгондор түзөтүү мекемелеринен телефон чалып, өздөрүн банк кызматкерлери катары тааныштырып жарандарды алдаган учурларды аныктаган.

Өзүңүздү кантип коргоо керек

Жөнөкөй эрежелерди эстеп жүрүңүз:

- Картадагы маалыматтарды жана SMS коддорду эч кимге бербеңиз.

- Маалыматтарды дайыма расмий булактардан тактаңыз.

- Канчалык ишенимдүү болсо да, чалуу же билдирүү менен акча сурагандарга акча которбоңуз.

- Эгер телефон аркылуу айтылган маалыматка шектенип жатсаңыз, сүйлөшүүнү токтотуп, банкка чалып маалыматты тактаңыз.

- Шектүү жагдай жаралса дароо ИИМге кабарлаңыз.

Кыргызстанда телефон аркылуу алдамчылык кылуу массалык мүнөзгө ээ болуп, шылуундардын саны өсүүдө. Аларга каршы күрөш уланып жатат, бирок эң негизги коргонуу – жарандардын өзүнүн этияттыгы.