Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыздоо тутумун борборлоштуруудан чыгаруунун алкагында маанилүү реформалар жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы №10, "Энергетик" жана "Куруучу" насостук станцияларын, ошондой эле аталган жайлардан жылуулук алган кардарларды "Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүдө.
"Буга байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын 10-июнунан тартып "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 10-кичи райондо жайгашкан №10 насостук станциясына туташкан турмуш-тиричилик керектөөчүлөрүнө жылуулук менен камсыздоо келишимдерин бузуу тууралуу билдирүүлөрдү тапшыра баштайт. Керектөөчүлөрдү тейлөө кийинки этапта жаңы ишкана тарабынан улантылат",-деп айтылат маалыматта.