Исламабад мэри: Акыркы үч жылда Бишкектин өнүгүү динамикасына суктандым

Коом Загрузка... 05 Июнь 2026 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Исламабад шаарынын мэри, Борборду өнүктүрүү башкармалыгынын төрагасы Сохаил Ашраф менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар боордош шаар мамилелеринин алкагында Бишкек менен Исламабаддын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Айбек Жунушалиев шаарлар ортосунда түзүлгөн байланыштар формалдуу мүнөздө гана болбостон, практикалык мазмун менен толукталып, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзүшү керектигин белгиледи.

Өзгөчө көңүл экономика, маданият жана жаштар саясаты багыттарындагы кызматташтыкка бурулду. Бишкек шаарынын мэри мисал катары Дельфи оюндары менен "Наристе" фестивалын атап, Пакистандын жаштарынын бул иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Өз кезегинде Сохаил Ашраф Кыргызстандын борборунун кооз жаратылышына, ошондой эле акыркы үч жыл аралыгында шаардагы өзгөрүүлөргө жана өнүгүүнүн жогорку динамикасына суктанганын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкек менен Исламабаддын ортосундагы достук байланыштардын мындан ары бекемделишине жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын өнүгүшүнө ишеним билдиришти.