Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Улуттук банктын атынан жасалма сертификаттарды жөнөтүп, жарандарга жылдык 1 пайыз менен насыя сунуштаган шылуундар пайда болду.
Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, шылуундар өздөрүн финансылык консультант катары тааныштырып, мессенджерлер аркылуу жасалма сертификаттарды жөнөтүп жатышат.
Жарандарга мессенжер аркылуу келген сертификаттардын сүрөттөрүнө ишенбөө, шектүү шилтемелерди ачпоо, тастыктоо коддорун жана банк картасынын маалыматтарын жөнөтпөө сунушталат. Ошондой эле шашылыш чечим кабыл албай, маалыматты расмий булактардан текшерүү зарыл.
Улуттук банк жарандарга кредит бербей турганын жана мессенджерлер аркылуу консультацияларды жүргүзбөй турганын эскертет.