Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда бир жыл ичинде 304,9 миң жаран өз атына насыя жана карыз алууга ыктыярдуу тыюу салуу механизмин колдонду.
Улуттук банктан билдиришкендей, 1-ноябрга карата алардын 200,1 миңинин чектөөсү активдүү бойдон калууда.
Бул механизм 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта иштей баштаган. Ал жарандарга өз атына насыя алууга акысыз жана ыктыярдуу түрдө алдын ала чектөө коюуга мүмкүнчүлүк берет. Механизм алардын макулдугусуз насыя тариздөө тобокелдигин азайтууга багытталган.
Кызматты "Түндүк" тиркемеси аркылуу активдештирүүгө болот. Тыюу дароо күчүнө кирет, ал эми аны алып салуу өтүнүч берилгенден 12 саат өткөн соң ишке ашат. Эгер чектөө эки кредиттик бюродо коюлса, аны ар биринен өзүнчө алып салуу керек.