Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Улуттук банк чек аралык төлөмдөр жаатындагы аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдө. Бул багыттагы тажрыйба 22-23-октябрда Душанбе шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын борбордук банктарынын IV аймактык жолугушуусунда тааныштырылды.
Улуттук банк башкармалыгынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев жетектеген делегация ELQR бирдиктүү QR-стандарты жана ыкчам төлөмдөр системасы тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында беш өлкөнүн төлөм системаларын интеграциялоо жана QR-код аркылуу чек аралык төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.
Ошондой эле аймактык кызматташтыкты чыңдоо, төлөмдөрдүн коопсуздугун жогорулатуу жана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча протоколго кол коюлду.