Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Буга чейин самокат айдоочуларына түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлүп келсе, азыркы тапта министрлер кабинети алар үчүн расмий жүрүү эрежелерин бекиткен токтом чыгарды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын юристи Байказы Айтикул уулу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, документте курактык чектөөлөр, ылдамдык лимиттери жана эреже бузуучулар үчүн милдеттүү айып пулдар белгиленген.
"7 жашка чейинки балдар самокаттар менен чоңдордун же ата-энесинин коштоосунда гана жүрө алышат. Жеке кырсыкка учуроо коркунучу бар унаа каражаттарынын (самокат, скутер) айдоочулары үчүн коргоочу шлемдерди кийүү, ал эми сутканын караңгы убактысында - жарык чагылтуучу кийимдерди колдонуу милдети киргизилди. Жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрүндө самокатты жетелеп, жолдон жөө өтүүгө тийиш. Мындан тышкары, кыймылдын эң жогорку уруксат берилген ылдамдыгы саатына 25 чакырымды түзөт", - деп түшүндүрдү Байказы Айтикул уулу.
Ал ошондой эле бул эрежелерди бузгандыгы үчүн 1000 сомдон 3000 сомго чейинки өлчөмдө айып пул каралганын белгиледи. Эгерде жаран самокатты мас абалында башкарса, айып пулдун суммасы 3000 сомду түзөт.