Самарканд, 23.06.25. /Кабар/. Бүгүн байыркы Самарканд шаарында Өзбекстандын тарыхында алгачкы жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Мамлекеттик кызмат боюнча форуму (UN Public Service Forum 2025) өз ишин баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин кабарчысы иш-чара өтүп жаткан жерден маалымдады.
Форумга Европа, Азия, Латын Америка жана Африка өлкөлөрүнөн министрлер, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана адистер катышууда. Ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын, илим чөйрөнүн, жарандык коомдун жана жеке сектордун өкүлдөрү да бар.
Форум "2030-жылга чейин калган беш жыл: туруктуу келечек үчүн мамлекеттик кызматтарды ыкчам көрсөтүү" деген ураан алдында өтүүдө.
Форумдун негизги максаты — глобалдык чакырыктар шартында мамлекеттик башкаруу системасын жаңылоонун зарыл маселелерин талкуулоо.
Иш-чарада мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жана ачык-айкындыгын жогорулатууда санариптик технологиялар менен жасалма интеллекттин орду, калктын бардык катмарына жеткиликтүү кызматтарды камсыз кылуу, инновациялык лабораторияларды ишке киргизүү жана тармактар аралык кызматташтык аркылуу реформаларды тездетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Форумдун жыйынтыгында кабыл алынуучу Самарканд министрлер декларациясы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, өнүгүп жаткан өлкөлөр ортосунда тажрыйба алмашууга жана мамлекеттик кызматтарга тең укуктуу жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталат.