Салыкты санариптештирүү: Шыкмаматов Грузиянын тажрыйбасы менен таанышты

Коом 29 июнь 2026 09:20
731417543_1921461155229544_6910991340588555648_n.jpg
731935395_1543837807095383_1841192038900610808_n.jpg
731808257_27810594998536530_7894407726320242673_n.jpg
732813795_938100389244840_1587170511514553467_n.jpg
Алдыга
Артка
731417543_1921461155229544_6910991340588555648_n.jpg
731935395_1543837807095383_1841192038900610808_n.jpg
731808257_27810594998536530_7894407726320242673_n.jpg
732813795_938100389244840_1587170511514553467_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Грузияга болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Финансы министрлигине караштуу Кирешелер кызматынын Ишкерлерди тейлөө борборуна барды.

Ведомстводон билдиришкендей, төрага борбордун ишмердүүлүгү, салык төлөөчүлөр үчүн электрондук сервистер, товарлардын кыймылын көзөмөлдөө боюнча санариптик чечимдер, тобокелдиктерди башкаруу системалары, салыктык контролдоонун электрондук инструменттери, ошондой эле контролдук-кассалык машиналар (ККМ) жана электрондук эсеп-фактуралар менен интеграцияланган платформалар менен таанышты.

"Грузиянын тажрыйбасы санариптештирүү тейлөө убактысын кыскартууга, адам факторунун таасирин азайтууга жана жарандар менен бизнес үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берерин көрсөтүүдө.
Алынган тажрыйба Кыргызстанда санариптик сервистерди мындан ары өнүктүрүүдө жана салык кызматтарынын сапатын жогорулатууда изилденип, колдонулат", — деп айтылат маалыматта.