"Салык күзөт" системасы салыктык башкаруунун ачыктыгын жогорулатат

Экономика Загрузка... 11 Март 2026 09:25
74894794.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. "Салык күзөт" системасы салыктык башкаруунун ачыктыгын жогорулатат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул система буга чейин өз-өзүнчө иштеп келген 40ка жакын модулду бирдиктүү платформага бириктирди. Тактап айтканда, эсеп-фактуралар, контролдук-кассалык машиналар (ККМ), үчүнчү өлкөлөрдөн жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден келген товарлар боюнча маалыматтар ушул системага топтолгон.

"Эгер мурда инспектор ар бир модуль менен өзүнчө иштеп, талдоону өз алдынча жүргүзүүгө мажбур болсо, эми ишкана боюнча бардык маалыматтар бир система аркылуу жеткиликтүү болот", — деп түшүндүрдү ал.

Ысабеков жашырылган мыйзам бузуулар аныкталган учурда ишкер салыктын өзүн гана төлөбөстөн, кошумча эсептелген сумманын 100 пайызы өлчөмүндө айып пулду жана өткөн мезгил үчүн эсептелген туумду да төлөөгө туура келерин кошумчалады. Натыйжада жалпы төлөмдүн суммасы баштапкы эсептелген салыктан эки-үч эсе көп болуп калышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу ал ишкерлерди өз ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзүүгө жана мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.