Салык кызматында студенттер үчүн ачык эшик күнү уюштурулду

Коом 02 Март 2026 16:00
644792602_1210095464629092_7359255527592414692_n.jpg
642213803_1210095467962425_2737568778493603768_n.jpg
645452257_1210095461295759_3710334942744826969_n.jpg
Алдыга
Артка
644792602_1210095464629092_7359255527592414692_n.jpg
642213803_1210095467962425_2737568778493603768_n.jpg
645452257_1210095461295759_3710334942744826969_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 02.03.26 /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара жаштардын салык сабаттуулугун жогорулатуу, салык маданиятын калыптандыруу, ошондой эле болочок адистерди ведомствонун ишмердүүлүгү жана салыктык башкаруунун заманбап санариптик куралдары менен тааныштыруу максатында уюштурулду.

Анын жүрүшүндө салык кызматкерлери салык салуу системасы жөнүндө маалымат берип, каттоо, отчет берүү жана салык милдеттенмелерин аткаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган электрондук кызматтардын жана санариптештирүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле студенттер мамлекеттик кызматка кабыл алуунун шарттары жана тартиби менен таанышты.

Иш-чаранын маанилүү жана практикалык бөлүгү катары Бишкек шаарынын Ишкерлерди тейлөө борборуна баруу болду. Анда "бирдиктүү терезе" форматы боюнча иштөө принциптери, ошондой эле салык төлөөчүнүн кабинетинде каттоо жана аны менен иштөө процесси онлайн форматта көрсөтүлдү.