Салык кызматы Жумгалдагы чырга түшүндүрмө берди

Коом Загрузка... 07 Октябрь 2025 14:30
3116395.bfa6745efdf.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Жумгал району боюнча экс-жетекчиси Абылбек Сапаровдун мамлекеттик кызматкердин кесиптик этиканы, жүрүм-турум стандарттарын бузгандыгы жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы мүмкүндүгү боюнча Мамлекеттик салык кызматы расмий билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2025-жылдын июль айында бир нече ЖМКларда жана социалдык тармактарда үнү Сапаровго таандык деп болжолдонгон адамдын видео жана аудио жазуулары тараган. Анда одоно сөздөр, жогорку жетекчиликти кемсинткен сөздөр жана каржы маселесин талкуулоо коомчулукта нааразылык жараткан.

Ошондой эле, Жумгал районунун жашоочулары жана жергиликтүү башкармалыктын кызматкерлеринен Өзгөчө салык кызматынын Ички коопсуздук кызматына көптөгөн даттануулар түшкөн. Анда бийликти пайдаланып, кызматтык субординацияны бузуу, психологиялык басым, анда иштеген кыз‑келиндерге сексуалдык мүнөздөгү туура эмес мамиле көрсөтүү сыяктуу дооматтар бар.

Салык кызматынын Ички коопсуздук кызматы жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү фактылар аныкталган:

  • жумуш ордунда орунсуз жүрүм-турум, анын ичинде адепсиз сүйлөмдөрдү жана коркутууларды колдонуу;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этика кодексинин бузулушу;
  • кызматтык мамилелердин чегинен чыкканы жана кызматкерлер менен урмат‑сый менен карым‑катнашта болуу принцибинен сыртта иш алып барышы;
  • башкармалыктын кызматкерлерине психологиялык жактан кооптуу шарттарды түзүү.

Андан сырткары Сапаров жумуш ордунда жарандардын жана кесиптештеринин көзүнчө бычак көрсөтүп, агрессивдүү аракеттерди жасаган окуя катталган.

Белгиленген мыйзам бузуулардын негизинде Абылбек Сапаров мурда кызматтан кетүү боюнча арыз жазганына карабастан, терс себептер менен мамлекеттик кызматтан бошотулган.

Мамлекеттик салык кызматы агенттиктин ишмердүүлүгү адам укуктарын сактоо жана эл аралык стандарттарга, анын ичинде Эл аралык эмгек уюмунун “Эмгек чөйрөсүндөгү зордук-зомбулук жана куугунтук жөнүндө” №190 Конвенциясына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясына ылайык иш алып баруу принциптерине негизделгенин баса белгиледи.

"Мындай жүрүм-турум, өзгөчө кызматтык көз карандылык шартында зордук-зомбулуктун, басмырлоонун жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун бир түрү болуп саналат. Мамлекеттик салык кызматы мындай аракеттерди кескин айыптайт жана кызматтык этиканын ар кандай бузулушуна ырааттуу түрдө чара көрөт", - деп билдирди мекеме.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматын ылайык, учурда Сапаров процедуралык маселелерге таянып, кызматтан кетүүсүн соттук тартипте коргоодо.