Салык кызматы салык карызын кечүү качан башталарын айтты

Коом Загрузка... 08 Июль 2025 11:16
2744714.7f710ad39a8.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө КР президентинин 2025-жылдын 8-январындагы жарлыгында каралгандай, салык карыздарын кечүү чаралары тиешелүү мыйзам күчүнө киргенден кийин жүргүзүлүшү мүмкүн экенин эскертет.

Ведомстводон билдиришкендей, мыйзам долбооруна ылайык карыздын төмөнкү түрлөрү эсептен чыгарылууга тийиш:

  • 2022-жылдын 1-январына чейинки мезгилинде пайда болгон салыктык карызы;
  • 2025-жылдын 1-январына чейинки салык мезгили үчүн транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча карыз (өндүрүү жөнүндө соттук актысы жок болгон шартта).

Учурда аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, КР президентине кол коюуга жөнөтүү процессинде турат.

Мыйзам күчүнө киргенден кийин Салык кызматы www.sti.gov.kg расмий сайты, жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу жарандарга кошумча маалымат берет.

Белгилеп кетсек, салык карыздарын эсептен чыгаруу боюнча чаралар КР президентинин жарлыктарында көрсөтүлгөн стратегиялык милдеттерди ишке ашыруунун алкагында, ишкердикти колдоо жана экономиканы чыңдоо максатында ишке ашырылууда.

Эске салсак, салык мыйзамдарынын жаңы ченемдерине ылайык, Салык кызматы салык төлөөчүлөргө жер тилкелерине, турак жай имараттарына салыкты эсептөө жөнүндө билдирүүнү салык төлөө мөөнөтүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбей, 1-августка чейин жөнөтөт.

Салык төлөөчүлөр ошондой эле салык төлөөчүнүн электрондук кабинети же Салык кызматынын https://sti.gov.kg/ расмий сайтындагы электрондук калькулятор аркылуу мүлк салыгын өз алдынча эсептеп, төлөй алышат.