Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун катышуучуларынын тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Катышуучулардын тизмеси мончо жана сауна кызматтарын көрсөтүү менен алектенген субъекттер, ошондой эле бирдиктүү товардык белги (бренд) алдында иш жүргүзгөн тармактык ишканалардын курамына кирген коомдук тамактануу ишканалары жана тез тамактануу жайлары менен толукталды.
Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн категорияларга кирбеген салык төлөөчүлөр Салык кызматы менен макулдашуу аркылуу пилоттук долбоорго ыктыярдуу негизде катыша алышат.
Фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун оң жыйынтыктары катышуучулардын тизмесин кеңейтүүгө негиз болду.
Учурда пилоттук долбоорго коомдук тамактануу, мейманкана субъекттери, ошондой эле май куюучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдардын сатуучулары дагы катышууда.
Фискалдык программалык камсыздоо долбоору ишке киргизилгенден бери 798 ишкердик субъект кошулган.
Алар 955 коомдук тамактануу жайын камтып, жалпысынан 1 миң 190 касса колдонууда.
Белгилей кетсек, фискалдык программалык камсыздоого кошулганга чейин орточо күнүмдүк киреше 105,3 миң сомду түзсө, азыр бул көрсөткүч 213,1 миң сомго чейин жогорулады.
Орточо күнүмдүк кирешенин өсүү темпи 202,1 пайызды түздү.
Бул фискалдык программалык камсыздоону киргизүүнүн оң таасирин жана эсептешүүлөрдүн ачык-айкындуулугунун жогорулаганын көрсөтөт.
Фискалдык программалык камсыздоону киргизүү – салыктык башкарууну санариптик трансформациялоонун негизги багыттарынын бири болуп саналат. Ал финансылык-чарбалык ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатууга, көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө жана бизнес жүргүзүү үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган.