Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. 2026-жылдын 1-июнунан тартып Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден Россиянын аймагына товарларды алып кирүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кирет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.
Товарларды Россияга экспорттоодо тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары жеткириле турчу товарлар жөнүндө электрондук документти тариздөө кабыл алуучу тарап — башкача айтканда, россиялык импорттоочу тарабынан жүргүзүлөрүн эске алышы керек.
Россия Федерациясына товар импорттоочу тарап төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
- Россиянын Федералдык салык кызматынын сайтындагы арыз берүүчү сервис аркылуу товар жеткирүүнү күтүү тууралуу электрондук документти тариздөө;
- Камсыздоо төлөмүн киргизүү;
- QR-код алуу.
Белгилей кетсек, ташуучу Россиянын Федералдык бажы органдарынын талабы боюнча QR-кодду көрсөтүүгө милдеттүү.
Эгерде QR-код жок болсо же жеткириле турчу товарлар жөнүндө документте көрсөтүлгөн маалыматтар товарды коштоочу документтердеги маалыматтарга дал келбесе, жүк ташуучу унаа товары менен Россия Федерациясынын аймагына киргизилбейт.
Толук маалымат менен Россиянын Федералдык салык кызматынын расмий сайтынан таанышууга болот: https://www.nalog.gov.ru/rn77/related_activities/spot/?ysclid=mpcc8a9f3j542524753.