Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин ардак наамдарын ыйгаруу жана министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын тапшыруу аземине катышты.
Министрлер кабинетинин башчысы иш-чаранын катышуучуларын татыктуу сыйлыктары менен куттуктады.
"Өз сөзүмдү бир суроодон баштагым келип турат. Кыргызстанды ким куруп жатат? Бул суроого жоопту биз бүгүн ушул залдан көрүп турабыз. Биздин өлкөнү өзүнүн жан аябас эмгеги менен эл, анын ичинде сиздер куруп жатасыздар. Иш-чарага көп кесиптин 174 өкүлү чогулду, алардын 93ү министрлер кабинетинин ардак наамдарына татыды. Министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан ар бириңиздерди сыйлыктарыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм", – деди минкаб башчысы.
Адылбек Касымалиев бүгүн сыйлыктардын эң көбү саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүнө берилгенин айтып, сөзүн улантты. Жалпысынан 54 медицина кызматкери сыйланды, алардын 47си ардак наамдарга татыды.
"Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо тармагына, өзгөчө медицина кызматкерлеринин иштөөсү үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө чоң көңүл бурат. Ар бириңиздерге чоң ыраазычылык, сиздер адамдардын өмүрүн сактап, ден соолук үчүн кызмат кылып жатасыздар", – деди Касымалиев.
Министрлер кабинетинин төрагасы билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө өзгөчө көңүл буруп, аларды келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өз сөзүндө ал ошондой эле маданият жана искусство, экономика, каржы, салык жана бажы ишмердүүлүгү, айыл чарба тармактарынын өкүлдөрүнүн, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу тармагында иштеген адистердин, санариптик технологиялар, энергетика, геология тармактарынын өкүлдөрүнүн, өнөр жай кызматкерлеринин, эмгек ардагерлеринин, сыйлык алган аскер кызматкерлеринин салымын белгиледи.
Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев иш-чаранын катышуучуларына бекем ден соолук, бакубатчылык жана иштерине ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин ардак наамдарын ыйгаруу жана министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө тескемеге кол койгон.
Тескемеге ылайык, министрлер кабинетинин сыйлыктары менен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, кесиптик ишмердигинде жетишкендиктерге жетишкен адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата сыйланышкан.
Буга чейин министрлер кабинетинин токтому менен "Эмгек сиңирген артист", "Эмгек сиңирген дарыгер", "Илимге эмгек сиңирген ишмер" жана башка сыяктуу министрлер кабинетинин 23 ардак наамы уюштурулган.
Сыйлангандардын тизмеси: