Бишкек, 21.09.26 /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар Албаниянын Тирана шаарында өткөн информатика боюнча XXXIII Балкан олимпиадасында (BOI 2026) коло медаль жана Ардак грамотага ээ болушту.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, олимпиада 14-20-сентябрда өтүп, ага 75 окуучу катышты. Катышуучулар информатика боюнча билимдерин жана алгоритмдик программалоо жөндөмдөрүн сынашты.
Коло медалды “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Эмирхан Сыдыкаев жеңип алды. Анын машыктыруучусу — Евгений Кичак.
Ал эми “Акылман” Президенттик лицейинин окуучусу Аруубек Баймырзаев Ардак грамота менен сыйланды. Анын машыктыруучусу — Медербек Осмонов.