Парламент төрагасы үзүрлүү эмгектенген адистерди сыйлады

Жогорку Кеңеш 5 октябрь 2026 15:20
836940649_1770170144203941_5605933650892871376_n.jpg
838003966_1106948108511063_9171167088484398895_n.jpg
Алдыга
Артка
836940649_1770170144203941_5605933650892871376_n.jpg
838003966_1106948108511063_9171167088484398895_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда төрага Марлен Маматалиев ар кыл тармактын алдыңкыларына Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.

Парламенттен билдиришкендей, сыйлык тапшыруу аземинде мамлекеттин өнүгүшү ар бир жарандын жасаган ишине көз каранды экенин белгилеген төрага: “Кыргызстандын башкы байлыгы – эл. Ошондуктан, элибиздин бакубат жашоосу үчүн кам көрүп, өлкөбүздүн келечеги үчүн талыкпай иш алып баруубуз кажет.

Мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого алып, ар бир адис өз тармагында ийгилик жарата алганда гана өлкөбүздө өнүгүү болот”, – деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, сыйлыктар билим берүү тармагында жаш муундарга татыктуу тарбия берип келе жаткан мугалимдерге, адам өмүрүн сактоону кесиптик милдети катары аркалаган дарыгерлерге, өлкөбүздүн намысын эл аралык спорттук ареналарда коргогон спортчуларга жана машыктыруучуларга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, маданият өкүлдөрүнө, коомдук ишмерлерге жана ар кыл тармакта үзүрлүү эмгектенип келе жаткан алдыңкы адистерге берилди.