Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери кан тапшырышты

Ден соолук 06 Август 2025 18:31
61c13221-1ed2-4703-90b3-3513e07b5912-WhatsApp Image 2025-08-06 at 11.01.55 (2).jpeg
006ec2e2-d0bd-41a0-892d-44fd46316aaa-WhatsApp Image 2025-08-06 at 10.58.42 (1).jpeg
6b987105-38aa-489d-a0c3-259ba9169e1d-WhatsApp Image 2025-08-06 at 11.01.55 (3).jpeg
6f472480-db48-4f89-9fa1-01bdaee29199-WhatsApp Image 2025-08-06 at 11.01.58.jpeg
8a91224d-d381-4e49-83ea-0070d47c3069-WhatsApp Image 2025-08-06 at 11.01.54 (1).jpeg
54da3a20-1fd3-4ec4-859f-fc2df4bee7ce-WhatsApp Image 2025-08-06 at 11.01.55.jpeg
6155fbf8-fcda-47d2-aa08-2a2ebff8af34-WhatsApp Image 2025-08-06 at 11.01.55 (1).jpeg
c394fd9f-b4d8-44b4-91a8-b793855e718c-WhatsApp Image 2025-08-06 at 11.01.54 (2).jpeg
d453132f-fa20-4ab0-a362-bc28c21a4d02-WhatsApp Image 2025-08-06 at 10.58.42 (2).jpeg
e9b6f915-9249-4b7e-a129-05271f745daa-WhatsApp Image 2025-08-06 at 11.01.54.jpeg
ff167371-7868-45e2-8195-0a214723b8ca-WhatsApp Image 2025-08-06 at 11.01.58 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Ыктыярдуу кан донорлугун колдоо максатында Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери кан тапшырышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Иш-чарага министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери гана эмес, саламаттык сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери да кошулуп, кан куюуга муктаж болгон адамдардын өмүрүн сактап калууга багытталган демилгени колдошту.

Бул – жаракат алгандар, операциядан кийинки бейтаптар, онкологиялык оорулуулар, төрөттө татаалдашуулар болгон аялдар жана оор дартка чалдыккан жаш балдар үчүн абдан маанилүү.

Белгилей кетсек, күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга жана ыктыярдуу донор болууга чакырып, бул багытта активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө үндөгөн.

Анын айтымында, кан тапшыруу – адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берген асыл иш. "Ар бир тамчы кан – бул кимдир бирөө үчүн жашоо. Мамлекеттик кызматкерлер коом алдында үлгү болушу керек", – деди Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле мамлекеттик мекемелерде кан тапшыруу өнөктүктөрүн уюштурууну жана кызматкерлерге бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.