Бишкек, 13.11.26. /Кабар/. Ош шаарында россиялык дарыгерлер жергиликтүү кесиптештери менен биргеликте бейтаптарды кабыл алып, татаал операцияларды өткөрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Алар "Миссия Добро" эл аралык ыктыярчылар программасынын алкагында келишкен. Делегациянын курамында уролог Константин Нотов жана травматолог-ортопед Денис Згирский бар.
Новосибирск шаарынан келген уролог Константин Нотов жергиликтүү дарыгерлер менен бирге простата аденомасын жана заара жолундагы ташты алуу боюнча эки операцияны ийгиликтүү жасады.
Мындан тышкары, россиялык адистер бейтаптарга консультация берип, жергиликтүү медицина кызматкерлерине лекцияларды жана мастер-класстарды өткөрүүдө. Операциялар жана бейтаптарды кабыл алуу 14-ноябрга чейин уланат.
Белгилей кетсек, 9-14-ноябрь күндөрү алты россиялык дарыгер Бишкек жана Ош шаарларында тажрыйба алмашып, калкка медициналык жардам көрсөтүүдө. Бул ыктыярчылардын Кыргызстанга онунчу сапары.