Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга чакырды

Министрлер кабинети Загрузка... 04 Август 2025 10:55
528327708_24155703794083401_2475463769086963809_n.jpg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек 04.07.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга жана ыктыярдуу донор болууга чакырып, бул багытта активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө үндөдү.

Анын айтымында, кан тапшыруу – адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берген асыл иш. «Ар бир тамчы кан – бул кимдир бирөө үчүн жашоо. Мамлекеттик кызматкерлер коом алдында үлгү болушу керек», – деди Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле мамлекеттик мекемелерде кан тапшыруу өнөктүктөрүн уюштурууну жана кызматкерлерге бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.