Бишкек, 10.01.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинде министр Каныбек Досмамбетовдун төрагалыгы алдында курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоого байланыштуу кырдаал боюнча штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөдө катталган учурлардын саны мурунку мезгилдерге салыштырмалуу азайган. Тактап айтканда, 2025-жылдын аягында КРВИ жана сасык тумоонун 15 миң 043 учуру катталса, 2026-жылдын 1-жумасында — 9 490 учур, ал эми 2026-жылдын 5–8-январь күндөрү аралыгында — 6 745 учур катталган.
Жыйындын жүрүшүндө эпидемиологиялык абал жалпысынан туруктуу экени белгиленип, ошол эле учурда өлкөнүн бардык аймактарында күн сайын мониторинг жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Балдар стационарларынын жетекчилеринин жана саламаттык сактоо координаторлорунун маалыматына ылайык, стационарларга кайрылуулар көп жылдык орточо көрсөткүчтөрдүн чегинде катталууда. Дем алыш жана майрам күндөрү республикадагы бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда нөөмөт уюштурулуп, бейтаптарды кабыл алуу жүргүзүлгөнүнө карабастан, калк түздөн-түз стационарларга кайрылуусу келип чыгууда.
Ушуга байланыштуу министр бейтаптардын агымын рационалдуу бөлүштүрүү зарылдыгын белгиледи.
Жыйында алдын алуу жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Министр санитардык-агартуу иштерин активдештирүү, ошондой эле массалык маалымат каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү аркылуу кайрылуу тартибин жана сезондук инфекциялардын алдын алуу чараларын түшүндүрүү зарылдыгын айтты.