Баланы вирустук инфекциядан кантип туура дарылоо керек? Дарыгер ата-эне кетирген каталарды атады

Ден соолук
94d4.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webpquality-65.webp
2_7474.width-800.format-webp.webp
2021-10-20_16-35-42_716511.max-48.width-800.format-webp.webp
2025-02-15_15-29-20_201571.max-48.width-800.format-webp.webp
1071054384_0_160_3077_1890_1920x0.width-800.format-webp.webp
measles-cases-dropped-in-europe-a.width-800.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2026-10-30_at_10.5.width-800.format-webp.webp
94d4.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webpquality-65 (1).webp
Алдыга
Артка
94d4.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webpquality-65.webp
2_7474.width-800.format-webp.webp
2021-10-20_16-35-42_716511.max-48.width-800.format-webp.webp
2025-02-15_15-29-20_201571.max-48.width-800.format-webp.webp
1071054384_0_160_3077_1890_1920x0.width-800.format-webp.webp
measles-cases-dropped-in-europe-a.width-800.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2026-10-30_at_10.5.width-800.format-webp.webp
94d4.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webpquality-65 (1).webp
Алдыга
Артка
Кабар редакциясы

Күн сууктап, окуу жылынын башталышы менен балдар арасында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйөт. Мындай учурда ата-энелер үчүн ооруп калган балага туура кам көрүү, оорунун күчөп кетишине жол бербөө жана туура эмес дарылоо менен ден соолугуна зыян келтирбөө абдан маанилүү.

Анткени баланын дене табы көтөрүлгөн сайын эле аны түшүрүүчү дары бере берүү зарыл эмес. Ошондой эле денесин уксус же спирт менен сүртүү сыяктуу эл арасында кеңири колдонулган ыкмалар баланын уулануусуна алып келиши мүмкүн.

Бала ооруп калганда кайсы белгилерге көңүл буруу керек? Жөнөкөй вирустук инфекцияны өпкөнүн сезгенүүсүнөн кантип айырмаласа болот? Кандай учурда тез жардам чакыруу зарыл? Бул суроолорго “Кабар” агенттигине берген маегинде №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Зарина Дамирова жооп берди.

– Зарина Дамировна, күн сууктап, аба ырайынын өзгөрүлүшү менен балдар арасында курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйөт. Балдар үчүн вирустук инфекциялар канчалык кооптуу, көбүнчө кандай ооруларга дуушар кылат?

– Күн сууктап, окуу жылы башталганда ооругандардын саны кыйла көбөйөт. Учурда бейтапканаларда дем алуу жолдорунун инфекцияларынын белгилери менен ооруп келген балдар абдан көп.

Эң кооптуу инфекциялар тууралуу айтсам, алардын катарында биринчи орунда сасык тумоо турат. Оору дене табынын кескин көтөрүлүшүнө, организмдин катуу уулануусуна алып келип, өтө тез өнүгөт. Ошондой эле кичинекей балдар үчүн респиратордук-синцитиалдык вирус жана метапневмовирус да кооптуу. Бул вирустар көбүнчө дем алуу жолдорунун төмөнкү бөлүктөрүндө оор сезгенүүлөрдү пайда кылат.

Оорунун кесепеттерине токтолсок, эң көп тынчсыздандырган жагдайлардын бири – вирустук инфекцияга бактериялык инфекциянын кошулушу. Мындай учурда көбүнчө кулактын, мурун көңдөйлөрүнүн сезгениши менен коштолот. Ал эми эң оор татаалдашууларынын бири – пневмония же өпкөнүн сезгениши. Бул оору олуттуу дарылоону талап кылат.

Жаш балдарда вирустук инфекциялар бронхиолитке алып келиши мүмкүн. Мындай учурда баланын дем алуусу кыйындап, катуу жөтөл пайда болот. Ошондуктан ата-энелер баланы өз алдынча дарылабай, оорунун кооптуу белгилерин өз убагында байкап, дароо дарыгерге кайрылышы керек.

– Бала курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен ооруп жатканда кайсы белгилер байкалса, дароо медициналык жардамга кайрылуу керек?

– Ата-энелер үчүн эң негизги эреже баланын дене табы көтөрүлсө дароо дүрбөлөңгө түшпөстөн, тез жардам чакыруу же ооруканага кайрылуу зарыл болгон кооптуу белгилерди жакшы билүү.

Алар төмөнкүлөр:

  • Дем алуусунун кыйындашы же тездеши. Эгер баланын дем алуусу начарласа бул кооптуу белги болуп саналат.
  • Дене табы жогору болуп, узак убакытка чейин түшпөгөн абалы. Айрыкча бул абал баланын уйкусу келгендей катуу алсыроосу же терисинин кубарышы менен коштолсо өзгөчө көңүл буруу зарыл.
  • Суюктук ичүүдөн баш тартып, узак убакыт заара кылбашы. Бул абал организмде суу жетишсиздиги башталганын билдириши мүмкүн.
  • Баланын тырышып калуусу же эс-учун жоготушу. Мындай учурда дароо медициналык жардам керек.
  • Денеге айнек же кол менен басып көргөндө өңү өзгөрбөгөн бүдүрлөрдүн пайда болушу. Мындай бүдүрлөр кооптуу оорулардын белгиси болушу мүмкүн.

Эгер ушул белгилердин бири эле байкалса, күтүп отурууга болбойт. Дароо тез жардам чакырып, медициналык мекемеге кайрылуу зарыл.

– Ата-энелер кадимки вирустук инфекцияны пневмония сыяктуу кооптуу оорулардан кантип айырмалай алышат?

– Негизги айырмасы – кадимки вирустук инфекция менен ооруган баланын абалы 3–5 күндүн ичинде акырындап жакшыра баштайт. Тактап айтканда, дене табы түшүп, табити ачылат. Ал эми пневмония сыяктуу ооруларда абал тескерисинче өзгөрөт: оорунун төртүнчү-бешинчи күнүндө баланын абалы жакшыруунун ордуна начарлай баштайт.

Пневмония же башка оор татаалдашуулар пайда болуп жатканын төмөнкү белгилерден байкоого болот:

  • Бала оорудан айыгып бараткандай сезилгени менен кайрадан дене табынын көтөрүлүшү;
  • Дем алуусунун кыйындашы же тез-тез дем алышы. Мындай учурда баланын көкүрөгү же курсагы дем алган сайын бат-баттан кыймылдайт;
  • Терисинин, айрыкча эриндеринин айланасынын көгөрүшү;
  • Дем алганда же жөтөлгөндө көкүрөгүнүн же курсагынын оорушу;
  • Катуу алсырап, ал тургай суу ичүүдөн да баш тартышы.

Эгерде ушундай белгилер байкалса, баланы тез арада дарыгерге көрсөтүү зарыл.

– Көп учурда ата-энелер балдарын өз алдынча дарылашат. Үй шартында дарылоодо кандай каталар кетирилет жана алар оорунун күчөшүнө алып келиши мүмкүн?

– Эң чоң каталардын бири – баланы өз алдынча дарылоо жана антибиотиктерди дарыгердин көрсөтмөсү жок колдонуу. Көпчүлүк ата-энелер сасык тумоонун алгачкы белгилери байкалары менен эле оорунун алдын алуу максатында антибиотик бере башташат. Бирок сасык тумоо вирустардан пайда болот, ал эми антибиотиктер вирустарга каршы таасир бербейт. Тескерисинче, алар организмдеги пайдалуу бактерияларды жок кылып, ден соолукка зыян келтириши мүмкүн. Антибиотиктерди балага бактериялык инфекция кошулган учурда гана дарыгердин көрсөтмөсү менен берүү керек.

Экинчи кеңири тараган ката – дене табын түшүрүүчү дарыларды туура эмес колдонуу. Мисалы, баланын дене табы 37 градустан бир аз ашса эле, дарыны белгилүү бир убакыт аралыгында бере берүү туура эмес. Дене табын түшүрүүчү дарыларды баланын абалы начарлап бараткан учурда гана колдонуу керек.

Ошондой эле дарынын өлчөмүн туура эмес берүү да кооптуу. Айрым ата-энелер дарыны керектүү өлчөмдөн аз беришсе, кээ бирлери балдарга колдонууга болбой турган аспирин сыяктуу дарыларды беришет. Кээ бир ата-энелер дене табын түшүрүү үчүн бир нече дарынын аралашмасын өз алдынча даярдашат. Мындай кылууга таптакыр болбойт.

Мындан тышкары, дарыгердин көрсөтмөсү жок антибиотиктерди жана жөтөлгө каршы сиропторду, айрыкча какырык чыгаруучу дарыларды колдонуу да туура эмес. Мындай дарылар кичинекей балдарга зыян келтириши мүмкүн.

Үчүнчү ката – балага суюктукту жетиштүү көлөмдө бербөө. Айрым ата-энелер баланын дене табы көтөрүлүп же кусуп жатканда суу берүүдөн коркушат. Тескерисинче, мындай учурда балага сууну бат-баттан, аз-аздан берип туруу керек. Мында суу жетишсиздиги болбой, организмге инфекция менен күрөшүүсүнө жардам берет.

– Демек, баланын дене табы көтөрүлгөн сайын эле аны түшүрүү зарыл эмес экен да? Балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша кандай дары-дармектерди колдонууга болот?

– Жок, дене табы көтөрүлгөн сайын эле аны түшүрүүгө болбойт. Дене табынын көтөрүлүшү – организмдин коргонуу реакциясы. Бул иммундук система вирустар менен күрөшүп жатканын билдирет. Эгерде бала 38 же 38,5 градус температураны жакшы көтөрүп, ойноп, суу ичип жатса, анда дене табын түшүрүүнүн зарылдыгы жок.

Мен ата-энелерге дайыма баланын термометр көрсөткөн көрсөткүчүнө эле эмес, жалпы абалына көңүл буруу керектигин түшүндүрөм. Албетте, дене табын көзөмөлдөп туруу зарыл. Бирок эң негизгиси – баланын өзүн кандай сезип жатканын байкоо.

Мисалы, айрым балдардын дене табы 37–37,5 градуска көтөрүлгөндө эле алы кетип, шалдырап, тынчы кетип, жатып калышат. Мындай учурда температуранын дагы жогорулашын күтпөстөн, дене табын түшүрүү керек. Ал эми кээ бир балдар 39 градус температурада деле ойноп, чуркап жүрө беришет.

Дары-дармектерге келсек, балдарга дене табын түшүрүү үчүн ибупрофен жана парацетамол колдонууга болот. Бирок дарынын өлчөмү баланын жашына эмес, салмагына жараша так эсептелиши керек.

Ал эми аспиринди балдарга берүүгө таптакыр болбойт. Анткени ал боорго жана мээге олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Анальгин жана курамында бир нече дары аралашкан ар кандай порошокторду да балдарга колдонуу сунушталбайт. Себеби алардын терс таасирлери көп болушу мүмкүн.

– Курч респиратордук вирустук инфекцияларды үй шартында дарылоодо эл арасында кеңири колдонулган кайсы ыкмалар пайдасыз же бала үчүн кооптуу болушу мүмкүн?

– Эң кооптуу жана ошол эле учурда эл арасында кеңири тараган ыкмалардын бири – баланын денесин спирт, арак же уксус менен сүртүү. Баланын денеси ысып турганда мындай заттар тери аркылуу организмге сиңип, катуу ууланууга алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле денени ысытуучу каражаттарды коюу, кайнак суунун буусуна дем алдыруу да кооптуу. Мындай ыкмалар баланын терисин же дем алуу жолдорун күйгүзүп алышына себеп болушу мүмкүн.

Экинчи кооптуу жагдай – жөтөлгө каршы сиропторду дарыгердин көрсөтмөсүз колдонуу. Айрыкча какырыкты суюлтуучу дарыларды этияттык менен колдонуу керек. Анткени кичинекей балдар какырыкты толук чыгарып жөтөлө алышпайт. Натыйжада какырык көп топтолуп, баланын дем алуусу кыйындашы жана абалы начарлашы мүмкүн.

Үчүнчү ката – баланы күчтөп тамак жегенге мажбурлоо. Эгер бала ооруп жатканда тамак жегиси келбесе, аны мажбурлоонун кереги жок. Анткени бул учурда организмдин негизги күчү тамакты сиңирүүгө эмес, инфекция менен күрөшүүгө жумшалат. Мындай учурда тамакка караганда суюктукту жетиштүү ичүү маанилүү.

– Бала оорудан айыккандан кийин бала бакчага же мектепке качан бара алат?

– Бала дене табы түшкөндөн кийин эле эмес, толук сакайгандан соң гана бала бакчага же мектепке барышы керек. Көпчүлүк ата-энелер баласын тезирээк жамаатка кошууга шашылышат. Бирок баланын төмөнкү белгилерине көңүл буруу зарыл:

  • Өзүн жакшы сезип, абалынын калыбына келиши. Башкача айтканда, бала мурдагыдай активдүү болуп, алсыздыгы жоголушу керек.
  • Акыркы 24 саат ичинде дене табы көтөрүлбөшү зарыл. Бул учурда дене табын түшүрүүчү дарылар колдонулбашы керек.
  • Дем алуусу калыбына келип, катуу жөтөлү токтошу керек. Ал эми оорудан кийин бир азга чейин жеңил жөтөл сакталып калышы мүмкүн.

Эгер бала толук айыга электе, башкача айтканда, жөтөлү, алсыздыгы же оорудан калган башка белгилери бар учурда бала бакчага же мектепке барса, анын алсырап турган организми башка вирусту бат жуктуруп алышы мүмкүн. Натыйжада бала кайрадан ооруп калышы ыктымал. Мындай көрүнүш медицинада кайрадан инфекция жуктуруп алуу деп аталат.

– Бала түнкүсүн же дем алыш күндөрү ооруп калса, ата-энелер эмне кылуусу керек?

– Эң негизгиси, түнкүсүн же дем алыш күндөрү бала ооруп калса, дүрбөлөңгө түшпөө керек. Түнкүсүн баланын дене табы көтөрүлүп же жөтөлүп жатса, ата-энелерге бул абал күндүзгүгө караганда оор сезилиши мүмкүн. Ошондуктан мындай учурда төмөнкү эрежелерди карманууну сунуштайм:

  1. Алгач баланын жалпы абалын байкаңыз. Эгер дене табы көтөрүлүп турганына карабастан, бала уктап же уйкусу келип жатып сиздин суроолоруңузга кадимкидей жооп берип жатса, дароо ооруканага баруунун зарылдыгы жок. Бөлмөнү салкындатып, балага суу берип, абалын байкап туруңуз.
  2. Зарыл учурда дене табын түшүрүңүз. Эгер дене табы 38,5 градустан жогору болуп, бала өзүн начар сезип, кыйналып же ыйлап жатса, дене табын түшүрүүчү дары берүүгө болот.
  3. Өз алдынча дарыланууга шашылбаңыз. Түн ичинде интернеттен оорунун белгилерин издеп, өзүңүз диагноз коюуга аракет кылбаңыз. Ошондой эле антибиотик же жөтөлгө каршы сиропторду дарыгердин көрсөтмөсүз бербеңиз.
  4. Кооптуу белгилер байкалса, дароо тез жардам чакырыңыз. Буга чейин айтып өткөн коркунучтуу белгилердин бири байкалса да, күтүп отурбастан медициналык жардамга кайрылуу керек.

Эгер эртең мененкиге чейин баланын абалы туруктуу болсо, тиешелүү балдар дарыгери менен байланышып же эмканага барууну пландаштырсаңыз болот. Дем алыш күндөрү да ар бир эмканада нөөмөттө турган дарыгерлер болорун унутпаңыз.

– Зарина Дамировна, сөзүңүздүн соңунда оорулар көбөйгөн сезондук мезгилде ата-энелерге бере турган маанилүү үч кеңешиңизди айта кетсеңиз?

– Мезгилдик оорулар көбөйгөн учурда ата-энелерге негизги үч кеңешти бергим келет.

Биринчиси – сасык тумоого каршы эмдөөнү өз убагында алуу. Бул оорудан коргонуунун эң ишенимдүү жолдорунун бири. Эмдөө баланын такыр оорубашына толук кепилдик бербейт. Бирок оорунун күчөшүнөн, пневмония сыяктуу татаалдашуулардан сактанууга жардам берет. Ошондуктан сасык тумоо күч алган мезгилге чейин эмдөөдөн өтүү сунушталат.

Экинчиси – жеке гигиенаны сактоо жана бөлмөлөрдү дайыма желдетип туруу. Балдарды көчөдөн же мектептен келгенден кийин колун самындап жууганга үйрөтүңүздөр. Ошондой эле колу менен бетин, айрыкча көзүн, мурдун жана оозун кармай бербөөгө көндүрүү керек. Үйдө жана мектеп класстарында бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетип, нымдуу тазалоо жүргүзүп туруу зарыл. Таза аба вирустардын таралуу коркунучун азайтууга жардам берет.

Үчүнчүсү – ооруну дарылоодо туура мамиле кылуу жана дүрбөлөңгө түшпөө. Вирустук оорулардын алгачкы белгилери байкалары менен эле дарыканадан ар кандай дарыларды сатып алып, баланы өз алдынча дарылоого же оорунун алдын алуу үчүн антибиотик берүүгө болбойт. Ошондой эле оорунун алгачкы белгилери байкалган учурда эле баланы шашылыш түрдө эмканага алып баруунун зарылдыгы жок. Эң негизгиси – балага суюктукту жетиштүү берип, жалпы абалын көзөмөлдөп туруу жана зарыл болгон учурда дарыгерге кайрылуу зарыл.