Өлкө өнүгүп, медицина тармагында да мыкты шарттар түзүлүүдө – дарыгер

Пикир 8 октябрь 2026 13:55
Өлкө өнүгүп, медицина тармагында да мыкты шарттар түзүлүүдө – дарыгер
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Өлкөбүздүн өнүгүшү менен бирге саламаттык сактоо тармагына да өзгөчө көңүл бурулуп, “Клиникалык ооруканада” заманбап технологиялар киргизилип, оңдоп-түзөөдөн кийин эмгек шарттары жакшырып, чет өлкөлүк бейтаптар келсе да уялбастан сыймыктануу менен кабыл алууга шарттар түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Клиникалык оорукананын” бейтапканасынын терапевт-дарыгери Дарика Жумалиева аталган оорукананын 80 жылдык мааракесине арналган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, медицина тармагында акыркы жылдары олуттуу өзгөрүүлөр болуп, заманбап технологиялар кеңири колдонулуп, электрондук саламаттык сактоо системасына өтүү жүрүп жатат.

"Мен бул ооруканага жаңы келгенде бардык документтер жалаң кагаз түрүндө болчу. Азыр саламаттык сактоо системасы санариптешип, компьютер, интернет колдонуу менен иш алып барып жатабыз. Бизде көптөгөн жаңы технологиялар киргизилди. Эгер баарын санап өтсөк, абдан көп", - деди ал.

Дарыгер белгилегендей, акыркы жылдары ооруканада жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринен кийин медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө, бейтаптардын дарылануусуна шарттар кыйла жакшырган.

"Бизге абдан жакшы оңдоо иштери жасалды, эмгек шарттарыбыз мыкты болуп калды. Азыр бизге чет өлкөлүк бейтаптар келсе да уялбайбыз. Ооруканабыз менен сыймыктанабыз. Мен өз кесибимди абдан жакшы көрөм. Дарыгер болуу - өтө жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу кесип. Ушунча жыл дарыгер болуп иштеп жатканыма сыймыктанам. Мага ушул юбилейлик датада сыйлык тапшырылганына да чоң ыраазычылык билдирем. Эмгек жамаатка, оорукананын жетекчилигине чоң рахмат,- деди дарыгер.

Белгилей кетсек, 24 жылдан бери терапевт-дарыгер болуп эмгектенип келе жаткан Дарика Жумалиева ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана мекеменин 80 жылдык мааракесине кошкон салымы үчүн президенттин Иш башкармалыгынын Ардак грамотасы менен сыйланды.