Президент өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн аракет кылып, иштеп жатат – сүрөтчү

Коом 9 октябрь 2026 10:20
copyright icon Кабар

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүшү жана элдин жыргалчылыгы үчүн чындап аракет кылып, иштеп жатат. Мындай пикирин кыргызстандык сүрөтчү, Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, “Кунг-Фу Нят-Нам цыгун” коомдук бирикмесинин президенти Бузурманкул Мырзалиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Ал өлкө башчысына экономиканын өсүшү, инвестицияларды активдүү тартуу, ири курулуш иштеринин жүргүзүлүшү, жолдордун кеңири жаңыланышы жана пенсиялардын жогорулашы сыяктуу көзгө көрүнөрлүк жыйынтыктар үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүрөтчү өз пикиринде, жакынкы жылдардагы негизги милдеттердин катарына улуттук өнөр жайды өнүктүрүү жана азык-түлүктүн, айрыкча эттин баасын көзөмөлдөө кириши керектигин белгиледи.