Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы убакта чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеген Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева Чүй облусунун өнүгүүсү өлкөнүн экономикасына жана социалдык тармагына түздөн-түз таасир этерин билдирди.
Анын айтымында, Чүй облусу 100 жылдык тарыхында өлкөнүн экономикасын, социалдык чөйрөсүн жана жалпы өнүгүүсүн алдыга жылдырган аймактардын бири болуп келген.
“100 жыл — бул аз убакыт эмес, бүтүндөй бир кылым. Ушул мезгил аралыгында Чүй облусу өлкөнүн экономикасында, социалдык чөйрөсүндө жана өнүгүүсүндө локомотив экенин көрсөттү. Келечекте да Чүй облусу өлкөбүздүн алдыга жылышына жана өнүгүшүнө салым кошот деп ойлойм”, — деди депутат.
Ошондой эле ал Чүй облусундагы чакан шаарларды өнүктүрүүгө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мааракенин ачылышында кийинки жылы Токмок жана Кара-Балта шаарларына президенттин фондунан каражат бөлүү пландалып жатканы айтылган.
“Токмок жана Кара-Балта шаарларынын мындан ары дагы өнүгүшүнө, жаңы жетишкендиктерге жетишине мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлойм. Чүй облусуна жана анын шаарларына өзгөчө көңүл бурулары айтылды. Ар бир башталган иш Кыргызстаныбыздын келечекте дагы жогорку деңгээлге жетишине кошулган салым деп эсептейм”, — деди ал.
Депутат Чүй облусунун Аламүдүн районунан шайланган эл өкүлү катары жалпы мекендештерди аймактын 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, элге тынчтык, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалады.