Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашканына алты жыл болду. Жакында президент Садыр Жапаров бул мезгилдин жыйынтыгын чыгарып жатып, акыркы алты жылда республика туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, экономика турукташып, инфраструктураны кеңири жаңылоо иштери башталганын белгилеген.
Ушуга байланыштуу “Кабар” маалымат агенттигинин кабарчысы Бишкек шаарынын тургундары менен баарлашып, алар күнүмдүк жашоосунда бул өзгөрүүлөрдү сезип жатабы, бийликтин кайсы бир чечимдеринин күнүмдүк жашоосуна таасири жана мамлекеттин көңүл буруусун талап кылган дагы кандай маселелер бар экенин сурады.
Сокулук районундагы Манас айылынын тургуну Марина Игонина акыркы жылдары Кыргызстанда оң өзгөрүүлөр болгонун белгиледи. Анын айтымында, айыл тургундары үчүн маанилүү жаңылыктардын бири — №153 автобус каттамынын кайра жандандырылышы болду. Мунун аркасында борбор калаага каттоо кыйла ыңгайлуу болуп калган.
Мындан тышкары, Марина Игонина Бишкек шаарынын көрүнүшү да кыйла өзгөргөнүн белгиледи. Анын айтымында, жолдор, коомдук транспорт, соода жайлары жана медициналык мекемелер иретке келтирилген.
Мекендешибиз президент Садыр Жапаровго жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жаткан бардык адамдарга өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.