Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Дарыгерлер жаныбарлардын кутурма оорусуна чалдыкканын кантип аныктоого болорун, жаныбар тиштеп алган учурда эмне кылуу керектигин жана илдетти жуктуруп алууну кантип алдын алуу зарылдыгын айтып беришти. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору маалымдады.
Адистер кутурма — кутурма вирусунан пайда болгон, адамдын борбордук жана четки нерв системасын жабыркаткан жугуштуу оору экенин эскертишти.
Алардын айтымында, кутурма оорусун айыктыруу мүмкүн эмес, бирок анын алдын алууга болот. Ошондой эле оору адамдан адамга жукпайт.
Адам кутурма оорусуна чалдыккан жапайы жана үй жаныбарларынан жуктуруп алышы мүмкүн.
Жугуу төмөнкү учурларда мүмкүн:
- оорулуу жаныбар тиштегенде же тырмаганда;
- оорулуу жаныбардын шилекейи адамдын жабыркаган терисине же былжыр челине тийгенде.
Жаныбарларда кутурма оорусунун белгилери:
- шилекейдин көп бөлүнүшү;
- жарыктан коркуу: жаныбарлар караңгы бурчка жашынып, ээсинин чакырыгына келбей калат;
- жутуунун кыйындашы;
- жүрүм-турумунун өзгөрүшү: агрессивдүү жаныбарлар жоош болуп, ал эми жоош жаныбарлар агрессивдүү болуп калышы мүмкүн;
- толкундануу жана агрессивдүүлүк;
- тамактан баш тартуу;
- жегенге жараксыз буюмдарды тиштеп, жутууга аракет кылуу;
- үнүнүн чыкпай калышы (үрө албай калуу);
- арткы буттарынын кыймылсыз болуп калышы.
Жаныбар тиштеп алса эмне кылуу керек?
- тиштеген жерди жылуу суу жана самын менен жакшылап жууш керек, мүмкүн болсо кир самын колдонуу зарыл;
- сутканын каалаган убагында тез арада травматологиялык пунктка же тез жардам кызматына кайрылуу керек;
- кутурмага каршы эмдөөлөрдүн толук курсун алуу зарыл.
Кутурма оорусун кантип алдын алууга болот?
- ит жана мышык багуу эрежелерин сактоо;
- аларды ветеринардык кызматта каттоодон өткөрүү жана эсепке тургузуу;
- ит менен мышыкты кутурмага каршы жыл сайын эмдетүү;
- балдарга башка адамдардын иттерин, мышыктарын жана башка жаныбарларын кармоого жол бербөө.