Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Бангладеште март айынын ортосунан бери уланып жаткан кызамык эпидемиясынын фонунда бул илдетке шектелип каза болгон балдардын саны 999га жетти. Бул тууралуу Anadolu агенттиги жазды.
Бангладештин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө жыл башынан бери кызамыкка шектелген 166 миңден ашык учур катталган.
"Акыркы бир айда эле бул илдеттен 100дөн ашык бала көз жумган. Эпидемияга байланыштуу өлкөдө март айында шашылыш эмдөө кампаниясы башталган", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, анын биринчи этабында 6 айдан 5 жашка чейинки балдарды эмдөөгө артыкчылык берилип, кийин эмдөө иштери өлкөнүн бардык аймактарын камтый тургандай кеңейтилген.
Кызамык пневмония жана энцефалит сыяктуу оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошол эле учурда бул илдетке каршы эмдөө аркылуу алдын алууга болот.