Кыргызстанда сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны азайды

Ден соолук Загрузка... 25 Февраль 2025 12:16
6001de60-7ac3-11ed-90a7-556e529f9f89.jpg.webp
copyright icon www

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча 2025-жылдын 8-жумасында (17.02.25 - 23.02.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 миң 82 учуру жана сасык тумоонун 60 учуру катталган, мындай көрсөткүч мурунку жумага салыштырмалуу 6,6% га төмөн.

Белгилей кетсек, ооругандардын 5,1%ы (520 адам) ооруканага жаткырылган.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалып, эң көп таралган риновирус - 27,4%, респиратордук синцитиалдык вирус - 27,1%, аденовирус - 12,8%, I-IV парагрипп - 11,9%, башка вирустар - 20,8% (анын ичинде метапневмовирус - 2,2%).

Эске салсак, 2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап сасык тумоонун 59,6% - A/(H1N1(2009)), В түрүнүн айрым учурлары - 36,1% жана 4,3% COVID-19 менен шартталган сасык тумоо мезгили болду.