Саламаттык сактоо министри Улуттук госпиталга барды

Коом 28 Февраль 2025 18:31
481040618_660972806330091_2081199590853743650_n.jpg
480884293_660972712996767_6851517944809672027_n.jpg
481355232_660972642996774_8325002535601569779_n.jpg
480993698_660972612996777_3648472050582198896_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек,28.02.25./Кабар/. Саламаттык сактоо министри Улуттук госпиталдын борборлоштурулган кабыл алуу бөлүмүнүн иши менен таанышты7

Ведомстводон билдиришкендей, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Улуттук госпиталда болуп, анда жаңы борборлоштурулган кабыл алуу, шашылыш медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн иши менен таанышты.

Белгиленгендей, иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов министрге бөлүмдүн ишинин уюштурулушу, жабдылышы жана функционалдык мүмкүнчүлүгү менен тааныштырды.

"Ооруканага ыкчам жаткырууну оптималдаштыруу жана тез жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн Улуттук госпиталдын ИОВ бөлүмүнүн имаратынын базасында борборлоштурулган кабыл алуу, шашылыш медициналык жардам бөлүмү түзүлдү",-деп айтылат маалыматта.