Саламаттык сактоо министри адам өмүрүн сактап калган студентке сыйлык тапшырды

Коом Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 09:25
764711824_1067245379187232_5622414391015729162_n.jpg
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 6-курсунун студенти Адинай Кабенова жол кырсыгынан жабыркаган адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, анын өмүрүн сактап калууга салым кошту.

Окуя 3-августта болгон. Студент жол кырсыгынын күбөсү болуп, тез жардам кызматы келгенге чейин жабырлануучунун абалын көзөмөлдөп, зарыл болгон жардамды көрсөткөн.

764661376_2100920340849350_8659668554081390197_n

Бүгүн саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Адинай Кабенова менен жолугуп, анын жоопкерчилиги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтин Ыраазычылык катын тапшырды.

Министр жаш адистин аракети медициналык билим менен катар адамгерчилик, жоопкерчилик жана оор учурда жардам берүүгө даяр болуу маанилүү экенин көрсөткөнүн белгиледи.