Саламаттык сактоо министри 6-кабаттан кулаган кыздан кабар алды

Коом Загрузка... 05 Апрель 2026 12:02
WhatsApp Image 2026-04-05 at 08.35.53.jpeg
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов күн мурун 6-кабаттан кулап жабыркаган кыздан кабар алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, кыз учурда жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Бейтаптын баш мээси жабыркап, астыңкы жаагы сынып, оң колунун ийин сөөгү сынып, жылышып, өпкөсү жана ички органдары жабыркап, ошондой эле ооз көңдөйүнөн жаракаттарды алган.

Министрдин катышуусунда профилдик адистердин, анын ичинде нейрохирургдардын, травматологдордун, жаак-бет жана көкүрөк хирургдарынын катышуусунда консилиум өткөрүлдү.

Эске салсак, күн мурун Жал кичи районунда аял эки кызы менен 6-кабаттан кулаган.Алган жаракаттарынан улам эне жана анын бир кызы каза тапкан. Ал эми 2022-жылы туулган кызы Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Буга байланыштуу тергөө иштери башталып, өз жанын кыюуга жеткирүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.