"Саламат жүрөк": Жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмдүн башкы себептеринин бири

Ден соолук Загрузка... 19 Ноябрь 2025 18:38
k_state_kardiolog.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмдүн башкы себептеринин бири болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун Артериалдык гипертензия бөлүмүнүн башчысы, кардиолог Мыскал Дүйшөналиева билдирди.

Дарыгердин айтымында, бул көйгөйлөрдү чечүү максатында президент Садыр Жапаровдун кол койгон 2025–2030-жылдарга белгиленген “Саламат жүрөк” улуттук программасы жүзөгө ашырылат.

WhatsApp Image 2025-11-19 at 11.56.05 (1)

“Улуттук программанын ичинде жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу жана өлүмдүн санын азайтууга багытталган бир катар иштер камтылган. Эң негизгиси – бул оорунун алдын алуу болуп саналат. Анын ичинде өзүн-өзү көзөмөлдөө түшүнүгү киргизилди. Кыргызстанда жашаган ар бир жаран өз кан басымын, кандагы канттын, глюкозанын деңгээлин билиши керек. Ошондуктан “Түндүк” системасындагы “Ден соолук” бөлүмүндө “Өз ден соолугуңду текшер” деген сурамжылоо бөлүмү киргизилди. Анда жүрөк саламат болушу үчүн сегиз көрсөткүч бар: адам тамеки чегеби же чекпейби, мөмө-жемиштерди жеп турабы, күнүнө канча кадам басат, артериалдык кан басым, кандагы холестериндин, канттын деңгээли. Мына ушундай жөнөкөй эле пунктарды киргизип, 1-2 мүнөттүн ичинде сурамжылоодон өткөн жаранга дароо кеп-кеңештер берилет. Кайсы бир көрсөткүчтөрү нормага ылайык келбесе, үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу сунушталат. Ушул сурамжылоодон ар бир жаран өтүшү зарыл. Бүгүнкү күндө 30 миңдей жаран сурамжылоодон өттү. Ошондой эле биз жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу боюнча маалыматтарды жеткирүүнү колго алдык. Мындан тышкары, Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда скрининг жасап, кан басым ченелиши кажет”, - деди ал.

Мыскал Дүйшөналиева белгилегендей, учурда Улуттук кардиология жана терапия борборунун Артериалдык гипертензия бөлүмүндө 25 бейтап дарыланып жатат. Алардын 80 пайызы жогору кан басымы барлар.

infarkt-45359d4e

“Тилекке каршы, биздин ооруканага бейтаптар оорусун өтүштүрүп жиберип, оор кесепеттерге дуушар болгондон кийин гана кайрылышат. Мисалы, инсульт, жүрөк алсыздыгы, курч инфаркт, жүрөктүн согушунун бузулушу менен кайрылгандар бар, гемодиализ алгандар да келишет. Ошондой абалга ден соолугун жеткирбеш үчүн адамдар дарыгер жазган дарыны үзбөй, күн сайын ичиши керек, кан басымды көзөмөлдөп турушу кажет. Ошондо гана көп жылдарга чейин жүрөк, бөйрөк, баш мээ адам үчүн иштеп берет”, - деди дарыгер.

Жүрөк-кан тамыр оорулары көптөгөн өлкөлөрдө өлүмдүн негизги себептеринин бири бойдон калууда. Бул оорулардын пайда болушуна көптөгөн факторлор роль ойнойт, аларды адамдар өздөрү көзөмөлдөп, саламаттыгын өзгөртө алат.

Эмнелерди эске алуу керек? Дарыгердин кеп-кеңеши:

  • Туура тамактануу: мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, дан эгиндерине, аз майлуу сүт азыктарына, балыкка жана жаңгактарга басым жасап, майларды жана кантты чектөө жүрөк оорусуна чалдыгуу тобокелдигин төмөндөтөт.
  • Физикалык активдүүлүк: Жөө басуу, сууда сүзүү же велосипед тебүү сыяктуу үзгүлтүксүз орточо көнүгүү жүрөк жана кан тамырларды бекемдөөгө, кан басымын жана холестериндин деңгээлин төмөндөтүүгө жана салмакты көзөмөлдөөгө жардам берет.
  • Тамеки чегүү: Тамеки чегүү жүрөк-кан тамыр оорулары үчүн негизги тобокел факторлорунун бири болуп саналат. Тамеки чегүүнү таштоо же тамеки түтүнүнүн таасиринен качуу бул оорулардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн бир топ азайтат.
  • Стресс менен күрөшүү: Ашыкча стресс жүрөк жана кан тамырларга терс таасирин тийгизет. Йога, медитация же терең дем алуу сыяктуу эс алуу ыкмаларын колдонуу, ошондой эле сизге жаккан иш менен алектенүү стресстин деңгээлин азайтууга жардам берет.
  • Үзгүлтүксүз медициналык кароолор: дарыгерге үзгүлтүксүз баруу кан басымын, холестеринди жана башка ден соолук көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөөгө жардам берет, бул жүрөк-кан тамыр көйгөйлөрүн өз убагында аныктоого жана дарылоого жардам берет.